Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Мадумаров: Бекем тартип болсо, мыйзам так аткарылат
«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаров Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Адахан Мадумаров айылдын тургундарынын суроолоруна жооп берди.
Партиянын теңтөрагасына элеттиктер: Мектепке чейинки даярдоочу класстарга китептер жана ысык тамак бекер берилеби?, - деп суроо узатты.
Ал эми Адахан Мадумаров айыл тургунунун суроосуна «1-4-класска чейинки окуучуларга ысык тамак берүү боюнча мыйзам кабыл алынып жатканда даярдоочу класс деген түшүнүк жок эле. Кудай буюрса башталгыч класстарга ошол бекер тамак берүү программасын сөзсүз киргизебиз. Кыжаалат болбоңуздар», - деди өз сөзүндө теңтөрага.
Мындан тышкары, ал «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясынын негизги талабы – бул бекем тартипти орнотуу экенин баса белгиледи.
«Бекем тартип болгон жерде мыйзам так аткарылат. Бекем тартип болсо, бузулган жолдор да оңдолуп, берилбеген пенсия да берилет, жумушсуз жүргөн жаштар жумуш менен камсыз болот. Союздун мезгилиндей бекем тартип орнотулган жерде бардык нерсе өзүнүн ордуна келет»,-дейт.
Адахан Мадумаровду Жаңы-Жер айылынын жашоочулары жылуу маанай менен баталарын берип узатышты.