Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Мадумаров: Кажыбас саясий күчкө айлануу максатында, «Бүтүн Кыргызстан» менен «Эмгек» саясий партиялары биригип жатат
«Майда-барат саясий бөлүкчөлөргө бөлүнбөй, кажыбас саясий күчкө айлануу максатында «Бүтүн Кыргызстан» менен «Эмгек» саясий партиялары биригип жатат», - деп, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадымаров билдирди.
Айтымында, алар «Эмгек» партиясы менен биригүү тууралуу декабрь айынан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен. «Мамлекеттик түзүлүш, социалдык саясат жана башка маселелер боюнча сүйлөшүлөр жүрүп келип, бир жыйынтыкка келдик. Кээ бир телеберүүлөрдө биздин биригүүбүздү бийликке жетүү үчүн деп берип жатышат. 7-канал же башка ММК болобу, биз жөнүндө чыккан маалыматтарга 180 градуска буруп, кабыл алыңыздар. Ошондо так маалымат алган болосуздар», - дейт А. Мадумаров.
Бүгүн, 21-майда, «Эмгек» менен «Бүтүн Кыргызстан» партияларынын кошмо жыйыны өтөт. Жыйынга катышуу үчүн, аталган партиялардын өкүлдөрү «Ала-Тоо» кинотеатрынан Кыргыз драма театрына чейин жөө жүрүш жасашты.