Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Малабаев: “Кыргызстан – Кытай” темир жолунун курулуш долбоорун ишке ашыруу үчүн жакында сүйлөшүүлөр болот”
08 01 2015 13:23
“Кытайдын “China rold” компаниясынын адистери менен жолукканда, Балыкчы, Кара-Кече, Жалал-Абад, Ош, Сары-Таш темир жолунун курулушу боюнча техникалык негиздемени жасап бергенге толугу менен каржылаганга макул”, - деп бүгүн, 8-январда Биринчи радионун түз эфиринде «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Аргынбек Малабаев билдирди.
Анын айтымында, жакынкы күндөрү аталган маселенин негизинде сүйлөшүүлөр болот.
6-январда Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргызстан - Кытай» темир жолунун курулуш долбоорун ишке ашырууга байланыштуу бардык маселелерди терең иштеп чыгып, аларды Кытайдын тиешелүү ведомстволору менен дагы бир ирет талкуулоо боюнча тапшырма берди.