Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Маматалиев Баткенге иш сапары менен жөнөп кетти
23 10 2014 13:44
Бүгүн Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин өкүлдөрү Баткен облусуна иш сапары менен жөнөп кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапар алкагында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдардын ишин көзөмөлдөө жана электр энергетикасындагы жаңы тарифтик саясат боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
Абдырахман Маматалиевдин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Баткен облусунун түзүлгөнүнө 15 жыл толгондугуна байланыштуу өтчү коллегиялык жыйынына катышуусу пландаштырылган.
Вице-премьер-министрдин иш сапары Баткен шаарын жылытуу мезгилине даярдоо боюнча селектордук кеңешме менен жыйынтыкталат.