0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    А. Салымбеков: «Биздин долбоорлор түбөлүктү»

    А. Салымбеков: «Биздин долбоорлор түбөлүктү»
    11 09 2015 09:57

    10-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбеков Нарын облусунун Кош - Дөбө айылынын шайлоочулары менен жолугушту. Маданият үйүнө Ак – Талаа районуна карашту 13 айыл өкмөттөрүнүн шайлоочулары чогулуп келишти. Буга чейинки жолугушуу Жалал Абад облусуна караштуу Тогуз-Тороо айылынын Казарман айылында болгон.

    Ак Талаа районунун шайлоочуларын тынчсыздандырган суроолор келе жаткан шайлоонун айкын өтүшү, биометрикалык каттоо менен шайлоого баруу, жумушсуздук, миграция, жаштарга байланыштуу маселелер болду.

    ЧЫНЖЫРДАЙ БЕКЕМ СИСТЕМА

    «Шайлоону таза өткөрүү үчүн биринчи кезекте шайлоого тиешелүү мыйзамдарды аткаруу керек» -деди Аскар Салымбеков. Ошондуктан, биометрикалык каттоодон эч коркпостон барып өтүп коюу керектигин өтүндү. Теңтөрага социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн экономиканы калыпка келтирип алуу зарылчылыгын баса белгиледи. Башкаруу системасындагы «чынжыр» принцибин сунуштады. Мына ушул «чынжыр» принцибинин башында «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын экономикалык долбоорлору турат. Ал долбоорлорго «Айыл чарбасын кооперациялаштыруу», «Ала-Тоо кенч», «Тамчылатып сугаруу» кирет. Айыл чарбасын ирилештирүү – Аскар Мааткабыловичтин айтымына караганда, - майда дыйкан чарбаларын ири бирдиктүү чарбаларга айлантуу саналат. Өнүккөн өлкөлөрдө кооперативдик союздардын тажрыйбасы практикада кеңири колдонулат. Атап кетсек, мал чарбачылыгындагы кооперативдик союздардын кирешеси 90 пайызга жеткен. Турак жай, МТС, энергетикалык, суу ж.б.д.у.с. турмуштук керектиктеги кооперативдик союздар бар – алардын саны 300гө жеткен. Кыргызстан да кооперацияны кеңири колдонууга өтүүсү зарыл.

     

    Экинчи долбоор «Ала Тоо кенч» - бул тоо кен өндүршүнө байланыштуу. Түпкү максаты баалуу металлдарды баалу кагаздар – акциялар менен үлүштүк башкарууга жетүү. Эл, инвестор, мамлекеттин ортосундагы бүтүндүктүү, ынтымакты камсыз кылуу. Мына ушул долбоорлордун негизинде башкаруунун чынжыр системасы өзөк болуп берет.

    МАГА КАЙДЫГЕРЛИК МҮНӨЗ ЭМЕС

    Мен саясатка барбай деле койсом болмок, меники мага жетиштүү. Анталия, Италия, же башка мамлекетте өз ырахатыма жашап жүрө бермекмин. Бирок мамлекетимдин келечеги, элимдин жашоо шарты мени тынч жаткырган жок. Элимдин, мамлекетимдин келечектеги жашоосунун жакшыруусуна өз салымымды кошууга баардык аракетимди кошуп, 2011 – жылы «Эмгек» партиясын түзүп, шайлоого баралы деп чечтик. Партиялаштарым катардагы эле соодагерлер, ишкерлер. Быйыл «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы менен бириктик. Партиянын лидери Адахан Мадумаров өзү таза, чечен, бетке түз айткан инсан. Аны каралоо максатындагы айтылган сөздөрдүн баары ушак, жалган экенин сотто утуп чыккан чечимдер далил. Ал киши идеологияны туу тутуп көтөрүүгө бел байласа, мен экономикалык жагын өз мойнума алдым.

    «АЛА ТОО КЕНЧ»

    Мына «Ала Тоо кенч» долбоору. Мисалы айталы, сиздердин Ак-Талаада алтын чыкты дейлик. Ал кендерге акциялар аркылуу башкарууну киргизебиз. Биринчи эмиссиясы 10 сом болсо, тоо кен өндүрүшү боюнча экинчи эмиссиянын баасы чет элдиктерге кымбат чыгарылат. Ал эми андан топтолгон каражаттын баардыгына завод, фабрика же болбосо кичине цехтер орнотулуп ишке киргилизе баштайт. Бул кошумча жумушчу орун, казынага каражатты толтуруу жана агрардык саясаттагы бир катар көйгөйлөрдү чечтик десек жаңылышпайбыз.

    КООПЕРАЦИЯЛАШТЫРУУ

    Майда дыйкан чарбаларын ирилештирип, МТСтер түзүлөт, кайра иштетүүчү цехтер пайда болот. Азыр Чүйдө, Таласта, Ошто жана башка аймактарда кооперативдик кымылдын облусттук бөлүмдөрү иштей баштады. Бул долбоорлор сиздердин колдооңуздарга муктаж. Силер болбосоңор бул долбоолордун келечеги жок.

    АЛЫСКЫ АЙМАКТАР

    Тогуз -Тороо, Ак-Талаа, Жумгал райондору алыскы аймактардан. Бул жактын эли менен жолугушуп кетүүгө менин эки көзүм төрт эле. Менин тилегим дүйнөдө болуп жаткан нерселерге айылдардын жашоосун жеткирели деп жатам.

    ТАЗА ШАЙЛОО ӨЗҮБҮЗДҮН КОЛУБУЗДА

    Мына шайлоо өнөктүгү күчүнө кирди. Таза шайлоо менен Кыргызстандын жаркын келечегине жетеличи. Айланайындар, беш миңге же үч миң сомго сатылбагыла. Ал эки – үч күндүк эле оокатыңар. Ал эми биздин долбоорлор 30;40 жылдык. Түпкү мсаксаты келечектүү. Андыктан таза акыл - эс, тунук ниетиңерден добуш бергиле!

    Ийгилик сиздерге!

    Ушундай эле жолугушуу Нарын облусунун Жумгал районунда болуп өттү.

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *