Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Сасыкбаева сентябрь айында парламент элге отчёт бере турганын айтты
13 05 2015 16:49
Жарандык активисттер Ак үйдүн алдына ЖКнын депутаттарын элге отчет беришин талап кылып митингге чыгышты. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына митингдин уюштуруучусу, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров билдирди.
Анын айтымында, ЖКнын депутаты Асия Сасыкбаева аларды Ак үйдүн алдынан капысынан көрүп калып жолугуп, алардын талабын колдой турганын билдирген. Ошону менен катар эле сентябрь айында парламент элге отчёт бере турганын айткан.
“Биз бүгүн беш жаран нааразычылык акциясын өткөрдүк. Жолдон өтүп бараткан эл дагы бизди колдоду. Биздин талап депутаттар тез аранын ичинде отчёт бериши керек. Сентябрда алардын отчёт берерине ишенбейм. Себеби алар шайлоонун камын көрөлү деп кетип калышы мүмкүн”, -дейт Ө. Токтонасыров.