Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Жээнбеков педофилдерди өлүм жазасына тартууну колдойт
01 07 2015 14:07
ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков педофилдерди өлүм жазасына тартууну колдой турганын айтты.
Анын айтымында, балдарды коргоо үчүн педофилдерди өлүм жазасына тартуу туура көрүнүш. «Мен педофилдерге өлүм жазасын берүүнү колдоо менен бирге бир нерсени эске салгым келет, эмне үчүн өлүм жазасы башка жаза менен алмаштырылган. Мыйзамдар жакшы иштеген өлкөлөрдө дагы, күнөөсүз адамдар жазаланган учурлар кездешкен. Ошондуктан өлүм жазасы башка жазага алмаштырылган, мисалы, өмүр бою абакта камоо. Бирок балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөндөр өлүм жазасына тартылышы керек. Буга, менимче, макул болуу туура», - дейт А. Жээнбеков.