Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Жээнбеков Россиянын Мамлекеттик Думанын төрагасы менен байланышты бекемдөө боюнча сүйлөштү
ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков кечээ, 5-ноябрда Россия Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты жана парламенттер аралык байланышты бекемдөө боюнча сүйлөшүштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, эки тарап Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши, Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу менен Евразия экономикалык союзунун толук кандуу мүчөсү болушуна тийиштүү маселелерди талкуулады.
Асылбек Жээнбеков Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтык эки өлкөнүн кызыкчылыгына ылайык өнүгүп жатканын белгиледи. Ишке ашырылганы жаткан ири долбоорлорду мисал келтирди. "КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын, ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын алкагындагы өнөктөштүк, мамлекеттер аралык мамилелерди бекемдөөгө негиз берет",- дейт А. Жээнбеков.
Сергей Нарышкин парламенттер аралык байланышты бекемдөө үчүн Асылбек Жээнбековду Россияга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.