Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А. Жээнбеков: V-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш эң үнөмдүү болду
Бүгүн, 1-июлда ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков маалымат жыйында V-чакырылыштагы парламент эң үнөмдүү болгонун айтты.
Анын айтымында, айрым саясатчылар, 10-20 жыл мурунку бюджет менен салыштырып, чоң сарптоолор жөнүндө айтып жатышат. «Ошону менен катар эле инфляция тууралуу, аппарат кызматкерлерине айлык акыларды жогорулатуулар тууралуу унутпаш керек. Башка чыгымдарга караганда бизде алар бир кыйла аз болду», - дейт А. Жээнбеков.
Мындан тышкары А. Жээнбеков коомчулуктун парламентке карата айткан сын-пикирлеринен кийин кыскартуулар жүргүзүлгөнүн белгиледи. «2012-жылы парламенттин аппаратында 142 адам кыскарды. Өзүм жөнүндө айта турган болсом, төраганын кабылдамасында 5 автоунаа, 2 кеңешчи, 2 консультант кыскарды. Эсиңердеби, мурда депутаттар өздөрүнө батирлерди, жерлерди сатып алышчу», - дейт төрага.