0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    А.Атамбаев кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

    А.Атамбаев кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады
    23 09 2014 13:26

    Бүгүн, 23-сентябрда Президент Алмазбек Атамбаев  Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Президенттик аппараттан билдиргендей, мамлекет башчынын куттуктоосунда булар айтылат:

    “Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

    Кыргыз тили - мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин негизи, көөнөрбөс руханий казынабыз. Мындан туура 25 жыл мурда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети атайын мыйзам кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын ыйгаруу менен, эгемендүү мамлекетти курууга карай орчундуу кадам жасаган. Мыйзам кабыл алынгандан бери мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган бир канча жарлыктар, токтомдор жана программалар иштелип чыкты. Алардын ар бири кыргыз тилинин коомдогу ордунун бекемделишине өз таасирин тийгизди.

    Мамлекеттик тилди дагы да кеңири колдонууга жетишүү, аны этностор аралык баарлашуунун тилине айлантуу максатында Президенттин Жарлыгы менен быйыл "2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы" кабыл алынды. Элибиздин биримдигин чыңдоого шарт түзө турган бул стратегиялык документти ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн бийлик жана коомчулук биргелешип аракеттенип жатат.

    Эгемендүүлүктүн туусун бийик желбиретип, өнүккөн өлкөнү куруубуз үчүн мамлекеттик тил данакерлик, жаратмандык милдетти өтөшү керек. Адамзаттын маданий кенчи - "Манас" сыяктуу мухиттей теңдешсиз эпостун, Алыкулдун, Чыңгыздын тили ар дайым Кыргызстан элинин ынтымагына, жакшылыгына, өнүгүүсүнө өбөлгө болсун.

    Тилибиз түптүү элдин, уюткулуу улуттун, өнүккөн өлкөнүн мамлекеттик тили катары жогорку деңгээлге көтөрүлөт деп терең ишенем".

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *