Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А.Атамбаев Швейцариянын Президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү
02 10 2014 15:56
Президент Алмазбек Атамбаев 1-октябрда швейцариялык тараптын демилгеси боюнча Швейцария Конфедерациясынын Президенти, Тышкы иштер Федералдык департаментинин башчысы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) азыркы Төрагасы Дидье Буркхальтер менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мындай маалыматты президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу, анын ичинде ЕККУ алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.