Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А.Атамбаев Социалдык фонддун төрагасын кабыл алды
Бүгүн Президент Алмазбек Атамбаев социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алганда төлөмдөрдү администрациялоо жана пенсияларды каржылоо маселелерин талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, пенсияларды төлөөдөгү диспропорцияны жоюуга, пенсиянын көлөмү менен Социалдык фондго төлөнгөн мүчө акылардын суммасына ортосунда түз өз ара байланышты орнотууга багытталып иштелип жаткан КРнын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү Концепциясынын алкагында сунушталган чараларды талкуулашты.
Президент Социалдык фонддун төрагасы менен октябрь айында ишке ашырыла турган пенсияларды көбөйтүү маселесин дагы талкуулады. Пенсия жогорулатылгандан кийин анын орточо көлөмү 4600 сомго чейин көбөйөт.
Алмазбек Атамбаев пенсиялык камсыздоо системасын реформалоо пенсиянын реалдуу көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берип, өлкөнүн пенсиялык системасын балансташтырып, жарандарга карата кыйла калыс кылуу зарыл экендигин баса белгиледи.