Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А.Атамбаев Түркиянын Премьер-министри менен жолукту
30 09 2014 09:26
Президент Алмазбек Атамбаев кечээ Стамбул шаарында Түркиянын Премьер-министри Ахмет Давутоглу менен жолугушканда кыргыз-түрк мамилелеринин азыркы абалын жана перспективасы боюнча жана экономиканын тармактарындагы пландарды талкуулашты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Эки тарап кыргыз-түрк мамилелеринин азыркы абалын жана перспективасын, Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда Стратегиялык кызматташуунун башкы кеңешинин июнь айындагы жыйынынын чечимдеринин аткарылышы тууралуу сүйлөшүштү. Ошондой эле энергетика тармагында кызматташууга өзгөчө басым жасалды.