Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А.Атамбаев Улуттук банктын төрагасын кабыл алды
24 10 2014 16:51
Жолугушууда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов мамлекет башчысына финансылык жөнгө салуу иш-аракетинин негизги багыттары тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу 24-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле төрага банк төлөм системасындагы туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу айтып, инфляцияны азайтуу, улуттук валютанын туруктуу курсун кармап турууга көрүлүп жаткан иштерди белгиледи.
Президент макроэкономикалык тармакта туруктуулук жана банк секторунун өнүгүшү маанилүү экенин айтты.