Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А.Атамбаев Жогорку Нарын ГЭС каскадындагы иштер өз учурунда бүтүшү керектигин айтты
Президент Алмазбек Атамбаев "РусГидро" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Евгений Дод кабыл алды. Евгений Дод Президентти Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун активдүү фазасы башталганын жана энергетикалык обьектилердин негизги курулуштарына өткөндүгүн маалымдады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Евгений Дод Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушуна 2 миллиард рубль бөлүнгөнүн, орусиялык тарапта каржылоо боюнча эч кандай маселе жок экенин белгилеп: “Зарыл болсо каржылоо 5 миллиард рублге чейин көбөйтүлөт, демек, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу жана эксплуатациялоо жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуунун бардык шарттары аткарылууда”,- деди.
Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууда жана электр кубаттуулугун арттыруудагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун маанисин белгиледи. Айтымында, бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын энергетикалык системин өнүктүрүүдөгү жаңы этап болот. Президентпландаштырылган бардык иштер өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүшү керектигин билдирди.