Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Политика
А.Салымбеков: Сириядагы абал дүйнө элдерин тынчcыздандырган олуттуу маселеге айланды
![А.Салымбеков: Сириядагы абал дүйнө элдерин тынчcыздандырган олуттуу маселеге айланды](uploads/default/blog/51cbb69f9e5465e3ecaa8491394c6292.jpg)
4-октябрда кыргыз эли КРнын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлайт. Коомдук телерадио корпорациясы партия лидерлери менен өкүлдөрүнүн катышуусунда учурдун актуалдуу маселесине байланышкан үч суроонун алкагында дебат өткөрдү. Алып баруучу Алмаз Касымалиевдин “Коррупцияга каршы күрөш эффективдүү болушу үчүн ыйгарым укуктары кеңейтилген, бардык мекемелерде кеңири текшерүү жүргүзө ала турган, таасирдүү жаңы антикоррупциялык кызмат түзүлүп, анын жетекчисин дайындоону жана ишин көзөмөлдөөнү парламенттеги оппозициялык фракцияга бериш керекпи? ”– деген биринчи суроосуна
“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбеков “Коррупция менен күрөшүүдө мамлекеттик башкаруудагы кайсы тармак болбосун баарын бир системага бириктирип анан системалуу өзгөчө жолдор менен күрөшүүбүз керек . Эгер, өлкөнүн экономикасын көтөрүп алсак, эмгек маяналар көбөйөт. Айлык акылар жогору болсо, жарандарыбыз коррупцияга барбайт ” – деди. Ал эми “Замандаш” партиясынын лидери тарабынан Адахан Мадумаровго карата айтылган кинеге Мадумаров Бакиевдин коррупцияга малынган режиминдеги мыйзамсыз иштерди байкагандан кийин ал жумушун таштап кетип калган. 7-апрель боюнча айтылган сөздөрү “имараттарды, соода түйүндөрүн талкалаган, дүкөндөрдү өрттөп-тоногон морадерлорго карата айтылган, муну тастыктаган соттун чечими дагы колунда бар”– деп “Замандаш” партиясынын лидерине кайра-кайра эле такталбаган маалыматты кайталай берүүнүн кажети жоктугун эскертип, андан көрө алдыга жылбайлыбы деген пикирин айтты.
Өлкө коопсуздугуна жана Сириядагы согушка аскердик куралдуу күчтөрдү жиберүүгө байланышкан суроого “Эгер, өлкө коопсуздугуна коркунуч туулса, коопсуздугубузду камсыздап, өлкөбүздү коргошубуз керек. Кыргызстандын коопсуздугун камсыздоодо мобилдүү, ыкчам Куралдуу Күчтөрүбүз болуусу шарт. Айрыкча чек араларыбызды коргогон аскердик күчтөрүбүзгө өзгөчө көңүл бөлүп, аларды сапаттуу куралдар менен камсыз кылып, мекен сакчыларынын үй-бүлөсүн мамлекеттин камкордукка алуусун мыйзам менен бекитишибиз керек. Анүчүн экономикабызды өнүктүрүп, казынабызды мындан да эки эсеге көтөрүп алсак, анан Куралдуу Күчтөрүбүздү татыктуу кармаганга кудуретибиз жетет. Ал эми Сириядагы абал дүйнө элдерин тынчсыздандырган олуттуу маселеге айланды. Учурда бул маселе Эл аралык уюмдардын көңүл борборунда. Сириядагы абалга байланышкан маселени чечүүдө дүйнөдөгү мамлекеттер бириге турган болсо, Кыргызстан дагы четте калбаш керек. Анткени терроризм, диний экстремизм дүйнө элдерин тынчсыздандырган бирден бир көйгөй. ”– деди.
Ал эми үчүнчү суроо жумушсуздук жана экономика жаатындагы маселеге негизделип, жумушсуздукту жоюуда өндүрүш тармагын жөнгө салып, эл аралык базарга чыгуу жолдорун табышыбыз керек. Ансыз өндүрүштү жолго коюуга мүмкүн эмес деген маселенин алкагында болду. “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбеков “Биринчиден, жумушсуздукту жоюу үчүн өлкөнүн экономикасын көтөрүшүбүз керек. Анүчүн айыл чарбасын өнүктүрүп, кооперативди жандандырышыбыз керек. Ошол эле тери, жүн комбинаттарын кайрадан иштетүү учурдун талабы. Андан сырткары жер-жемиштерди иштетип, аларды экспортко алып чыгуу каралган. Бул партиянын программасынын багыттарынын бири. Экинчи багыт өлкө байлыгы болгон кендерибизди туура пайдалануу. Ал кендерге жергиликтүү элдин, жарандардын үлүшүн киргизүү. Үчүнчү багыт чакан жана орто бизнести өнүктүрүү.
Соода-сатык алакалардын негизинде бул тармакта миллиондон ашык атуулдарыбыз Кыргызстанда эле эмес, Россияда, Казакстанда жана башка өлкөлөрдө эмгектенип жатышат. Бул айтылган багыттарыбызды иш жүзүнө ашырууга партиябыздын толук мүмкүнчүлүгү бар. Ал максаттарга жетебиз.” – деди.