Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
А.Жээнбеков Тажикстан парламентин эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
9-сентябрда ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков Тажикстандын Оли Мажилисинин Мили Мажилисинин төрагасы Махмадсаид Убайдуллоев менен Тажикстан Республикасынын Оли Мажилисинин Намояндогон Мажилисинин төрагасы Шукуржон Зухуровго – өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо катын жөнөттү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Куттутоо катында:
«Биздин мамлекеттердин ортосундагы мамилелер көп кылымдык достук байланыштарга негизделген. Мындай алакалардын артышына биздин парламенттер да өз салымын кошууга тийиш. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү жаатында мындан ары да биргелешкен аракеттер болоруна ишеним артам. Сиздердин мамлекеттик маанилүү ишиңиздерде ийгиликтерди, ал эми Тажикстан элине бакубат турмуш жана өсүп-өнүгүү каалайм», - деп айтылат.