Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Порталы
Адамзаттын тарыхында 2050-жылы эмнелер болот?
Адамзаттын тарыхында 2050-жылга чейин климаттын өзгөрүшү, жаңы ооруулардын пайда болушу, каттуу кургакчылык жана ааламды ачкачылык каптайт.
Адамзаттын тарыхында 2050-жылга чейин климаттын өзгөрүшү, жаңы ооруулардын пайда болушу, каттуу кургакчылык жана ааламды ачкачылык каптайт. Бул тууралуу окмуштуулар камтама болуп жатышкандыгын Business Insider булагы кабарлоодо.
Маалыматка ылайык, 2050-жылга чейин ааламда 5 түрлүү кырсык болоорун окмуштуулар белгилешкен.
1. Климаттын чукул өзгөрүшүнөн калк ар кайсы жерге жайгаштырылат. Бул олуттуу коркунуч температуранын өзгөрүшүнөн пайда болуп, дүйнөдөгү 600 миллион киши качкын абалда калат.
2. Экинчи маселе – суу ташкыны. Бул негизинен ысыктыктан дүйнөдөгү мөңгүлөр ээрип, деңиз чегинен чыгып, каптай баштайт.
3. 2050-жылы Азияда буудай 50% төмөндөйт. Күрүч 17% аз түшүм берип, Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрүндө 20 миллионго жакын балдар ачкачылыкка кабылат. Ачкачылык ааламдагы биринчи көйгөйүнө айланат.
4. Окмуштууларды күтүүсүз кыйроо ойлондурууда. Бул күтүүсүз жугуштуу оору болот. Жай мезгилинде чиркейлер жугуштуу оору таркатып, массалык жаңы тумоо башталат.
5. Акыркысы: окмуштуулар кибер-согуштун болоорун божомолдоп жатат.Бул согушка баары ишене беришпейт. Анткени ааламды кыйроого алып келчү өзөктүк курал коопсуздук жаратат.
http://www.kabarordo.kg/doc/252881_adamzattyn_taryhynda_2050_jyly_emneler_bolot.html
Источник- kabarordo