Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Аида Салянова Башкы прокурор кызматынан бошотулду
22 01 2015 11:51
Аида Салянова Башкы прокурор кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, тийиштүү жарлыкка Президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыктын негизинде КРнын Конституциясынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык КРнын Башкы прокурору Салянова Аида Жеңишбековна ээлеген кызматынан бошотулду.
Белгилей кетсек, 19-январда Аида Салянова отставкага кетүүгө арыз жазганы расмий жарыяланган. Ал эми 21-январда Жогорку Кеңеш аны кызматтан бошотууга макулдук берген.