Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Аял турмушу- коом күзгүсү» аттуу форум ишин Бишкекте улантууда
17 10 2014 11:03
Кыргызстандагы «Жарандык укук коому» уюму АКШнын ЮСАИД агенттиги, Эл аралык Республикалык институт менен биргелешип ѳткѳрүп жаткан «Аял турмушу- коом күзгүсү» аттуу форум бүгүн ишин Бишкектеги «Хаят» мейманканасында улантты. Буга чейин Ысык-Кѳлдѳ ѳткѳн эки күндүк конференцияда «Кыргызстан аялдар демократиялык тармагы» эки жыл ичинде жүргүзгѳн иши анализденип, алдыда турган үч жылдык мѳѳнѳт ичинде жасала турган максат, милдеттер талкууланып, резолюция кабыл алынган. Форум эми эртең Ош шаарында уланып, Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарындагы аялдардын ишмердигине баа бермекчи.