Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Айрым жергиликтүү соттордун судьялары кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду
2014-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «А.Ж.Исраилов жана Ж.М.Эгембердиев жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди. Жарлыкка ылайык, соттордун айыптоо өкүмдөрү мыйзамдуу күчүнө киришине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары А.Ж.Исраиловду жана Ж.М.Эгембердиевди ээлеген кызмат ордуларынан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларынын Кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 1 жана 5-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялары кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.