Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Айыл-Агро – 2015» көргөзмөсүн өткөрүү тууралуу талкууланды
Бүгүн Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев «Росагромаш» россиялык айыл-чарба техникасын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башкы директору Евгений Корчевойду кабыл алганда, «Айыл-Агро – 2015» агроөнөржай көргөзмөсүн өткөрүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Т.Сарпашев ийгиликтүү өткөн «Айыл-Агро-2014» көргөзмөсү инновациялык технологияларды пайдаланууда чоң түрткү бергенин белгиледи.
Октябрь айында «Айыл-Агро – 2015» көргөзмөсүнө даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрүү тууралуу макулдашты.
Биринчи вице-премьер-министр Т.Сарпашев «Айыл-Агро-2014» экинчи Эл аралык агроөнөржай көргөзмөсүнүн ийгиликтүү уюштурулушу жана өткөрүлүшүнө байланыштуу Евгений Корчевойду КР өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлады.