Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо боюнча кызмат көрсөткөн жактарды патенттик усулга өткөрүү демилгеси көтөрүлдү
Жогорку Кеӊеште айыл чараба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөргө салыктык жеӊилдиктерди берүүгө багытталган “КР Салык кодексине толуктоолорду киризүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, анын концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Экономика министринин орун басары Айдай Курманова айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо боюнча кызмат көрсөткөн жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, салык жүрүмүн жөнөкөйлөштүрүп, аны патенттик усулга өткөрүү демилгеси сунушталып жатканын билдирди. “Жүгү менен автоунаанын бир жолку чыгуусуна милдеттүү патенттин ставкасы жүктүн ээси тарабынан төлөнөөрүн эске алсак, жүк жүктөлгөн автоунааны өзүнө тариздеген ташуучу – декларант үчүн милдеттүү патенттин өзүнчө ставкасы белгиленди”, - дейт ал.
Патенттин баасы жүгүнүн салмагына жараша (4 тоннадан 12 тоннага чейин) 400 сомдон 1200 сомго чейин турат, 12 тоннадан ашкандар үчүн – 2000 сом. Башкача айтканда, эми декларант – ташуучу айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн милдеттүү патентти күндө эртең менен сатып алат. Патент мөөнөтү 1 күндөн 1 айга чейин.