Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - ПартияNews - Новости
Ак Өргөө конушуна 25 жыл
Бүгүн Бишкек шаарына караштуу Ак Өргөө конушунун түптөлүшүнө 25 жыл толгондугуна байланыштуу атайын маданий иш- чара болуп өттү.
Ак Өргөө конушунун мектеп окуучулары бийлеген “Кара Жорго” кыргыз бийи менен башталган майрамдык салтанат конуш тургундарынын жашоосун жакшыртуу үчүн белек тартуулоо менен аяктады.
Иш- чарага Ак Өргөө конунушунун түзүлүшүнө биринчилерден болуп салымын кошкон “Ашар” кыймылынын негиздөөчүлөрү Топчубек Тургуналиев, Шарипа Садыбакасова, Жыпар Жекшеев, ЖК депутаты Карганбек Самаков жана "Эмгек" , СДПК, "Республика" жана жана башка саясий партиялардын өкүлдөрү катышып, куттукташып, белектерин жана Ардак грамоталарын тапшырышты.
Ак Өргөө конушунун 25 жылдыгы менен куттуктоо иретинде "Эмгек" Партиясынын Ленин райондук бөлүмүнүн төрагасы Эркин Салымбеков тарабынан уюштуруу иштерине 100 миң сом жардам көрсөтүлгөн. Ал туурасында "Эмгек" Партиясынын Бишкек шаарынын куратору Акжол Исаев өз куттуктоосунда билдирди. Ошондой эле ЖК депутаты К.Самаков жалпы Ак Өргөө конушунун тургундарын майрамы менен куттуктап, убагында сатылып кеткен Ак -Өргө конушунун ФАП имаратына тиешелүү жер тилкесин кайрадан конуш ээлерине кайтарып берүүгө убада берди.