Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
“Ак Толкун" мамлекеттик ишканасынын жетекчисине издөө жарыяланды
25 02 2015 11:07
"Ак Толкун" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Бекбосун Кыдыкбаевге издөө жарыяланды. Мындай маалыматты бүгүн, 25-февралда Улуттук коопсуздук комитетинен билдирди.
Маалымат боюнча, Бекбосун Кыдыкбаев тергөөдөн качып жүргөндүктөн издөө салынды жана баш коргоо чарасы катары камакка алуу чечими чыгарылды.
Былтыр ноябрь айында "Ак Толкун" мамлекеттик ишканасынын жетекчисине “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” жана “кызмат абалынан пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Төрт трансформаторду жараксыз деп сатып жиберип 1 миллион 220 миң сом пайда алган деп айыпталууда. Тергөө учурунда ал трансформаторлор жарактуу экени аныкталган.