Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Акыйкатчы Кылмыш-жаза кодексинин айрым беренелерин өзгөртүүнү сунуштады
Бүгүн КРнын акыйкатчысы Бактыбек Аманбаев басма сөз жыйынында республикада утурумдук тергөө абактарында жүздөгөн карапайым атуулдардын айрымдары жумалап, айлап, жылдап негизсиз отурат деп айтты. “Алар ошонун кесепетинен ден соолугун жоготушуп, майып болуп калууда. Мониторинг жүргүзүп, анын алкагында, бизге түшкөн арыз даттануулардын негизинде, соттордун, тергөөчүлөрдүн, адвокаттардын ишмердүүлүгү анализденди. Жыйынтык боюнча баш коргоо чарасын өзгөртүүдө айрым судьялар менен тергөөчүлөрдүн уюшкан коррупциялык аракеттери, мындай ишти кароодогу кайдыгер мамилеси сыяктуу себептер такталды. Мисал катары, Шахида аттуу 18 жаштагы кыз эч негизсиз, кандайдыр бир кылмыш ишине шектелип кармалып, тергөө абагындагы үч жылдан ашуун отуруп, жыйынтыгында майып болуп боштондукка чыгарылды”,-дейт Акыйкатчы.
Бул маселени чечүү үчүн Б.Аманбаев баш коргоо чарасын колдонуунун ыкмаларын КРнын Конституциясынын жана адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык жакшыртуу, КРнын Кылмыш-Жаза кодексинин 33-главасына соттук териштирүүлөрдү мүмкүн болушунча үзгүлтүксүз жүргүзүү зарылдыгын шарттаган эреже киргизүү, Аталган кодекстин 109-беренесиндеги куроону колдонууну чектеген эрежени эл аралык талаптарга ылайыкташтыруу, аталган Кодекстин 267-беренесиндеги айыпталуучунун камакта отуруу мөөнөтүн узартуу ар бир эки айда, соттун жүйөлүү далил келтирген чечиминин негизинде жүргүзүлсүн деген эреже киргизүү зарыл деп сунуштады.