Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Акыйкатчынын аппаратында мамлекеттик тил боюнча сынак өткөрүлдү
Акыйкатчынын аппаратында "Мамлекеттик тил" мыйзамынын кабыл алынганынын 25 жылдыгына карата кызматкерлердин арасында сынак өткөрүлгөн. Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирүүсү боюнча, Сынак мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында уюштурулган. Анда суроолор мамлекеттик тилдин ар кайсы тармагы боюнча берилген: алар сөздөрдүн синонимдерин табуу, сөздөргө жөндөмө мүчөлөрүн улоо, айрым макалдарды толуктап жазуу болгон. Ошондой эле күндөлүк иш процессинде колдонулуучу терминдердин кыргыз тилиндеги варианттарын расмий аталыштарын табышы керек.
Маалыматка ылайык, кызматкерлер үчүн 12 айдын аталышын мамлекеттик тилде ирети менен атоо кыйынчылык жаратты.
Сынактын жыйынтыгында мамлекеттик тилди мыкты билген адистер КРнын Акыйкатчысынын буйругу менен ар кылдаражадагы дипломдор менен сыйланышты.