Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Аламүдүн районунун тургунунун үйүнөн ок атуучу курал табылды
12 08 2015 09:07
Аламүдүн районунун тургунунун үйүнөн ок атуучу курал табылды. Мындай маалыматты бүгүн, 12-августта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, 10-август күнү 23 жаштагы А.А. жашаган үй текшерүүгө алынганда, мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал табылган. 22 жаштагы Я.В. аттуу жарандын да үйү текшерилип, бир канча ок-дарылар алынган.
Азыркы учурда ок-дарылар жана ок атуучу курал кандайча аталган жарандардын колуна тийип калганы иликтенүүдө.