Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Алмаз» радиосунун жана «Chinanews.kg» сайттынын директору «Кытай-Кыргыз достугу 2014 басма сөз » сынагынан биринчи наамды ээледи
Өткөн жумада Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги массалык маалымат каражаттары арасында «Кытай-Кыргыз достугу 2014 басма сөз» сынагынын женүүчүлөрүн аныкталды.
Маалыматка ылайык, 2014- жылдын октябрь айында Кытай мамлекетти тарабынан Кыргызстандагы «Кытай-Кыргыз достугу 2014 басма сөз» наамын алууга конкурс жарыяланган. Аталган сынактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандык массалык маалымат каражаттарынын журналисттерине Кыргыз-Кытайдын достугу тууралуу мыкты репортаждары үчүн сыйлыктар берилип, наамдар ыйгарылды.
Биринчи орунга «Алмаз» радиосунун жана «Chinanews.kg» сайтынын директору Кошмуратов Рустам жана КТРКнын кабарчысы Ахмедова Назира ээ болушса, экинчи орунду «Кабар» агенттигинен Төрөгелдиева Ширин, «Эркин Тоо» гезитинен Темиров Таалайбек, «Слово Кыргызстана» гезитинен Горшкова Нина ээлешти. Үчүнчү орунгат «5 каналдан» Жаныкулова Айгерим, «ЭлТР»ден Назимова Мадина,«24.kg» сайтынан Бенград Анастасия жана «Слово Кыргызстана» гезитинен Аскерова Кифаят ээ болушту.