Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Алмазбек Атамбаев Индиянын Президентин куттуктады
26 01 2015 17:01
Президент Алмазбек Атамбаев Индиянын Президенти Пранаб Мукерджини Республиканын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Президент куттуктоо телеграммасында эки тараптуу өз ара кызматташууну мындан ары дагы бекемдөөгө даяр экендигин билдирген.
Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев Пранаб Мукерджиге чың ден-соолук жана мамлекеттик ишмердикте ийгиликтерди, ал эми достошкон Индия элине - бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.