Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Алмазбек Атамбаев Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады
Президент Алмазбек Атамбаев Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Президенттин куттуктоосунун тексти:
“Ардактуу ардагерлер, улуу муундун өкүлдөрү!
Жалпы кыргызстандыктардын атынан бардыгыңыздарды Карылардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Улуу муундун турмуштук тажрыйбасы, сабырдуулугу жана кайраттуулугу аркасында бүгүн биз тынчтыкта жана ынтымакта жашап жатабыз. Азыркы өлкөбүз сиздердин эмгек менен курулган. Сиздер мамлекетибиздин негизин түптөп, интеллектуалдык жана маданий көрөңгүсүн түздүңүздөр. Жаратман эмгегиңиздерге биз таазим этебиз!
Бардыгыңыздар ден соолукта болуп, бактылуу өмүр сүргүлө. Ар дайым камкордукка, урмат-сыйга бөлөнүп жүрө бериңиздер!”