Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Общество
Алмазбек Атамбаевдин кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Бугун 20 март куну, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев келе жаткан Нооруз майрамы менени буткул кыргыз элин куттуктады.
«Урматтуу мекендештер!
Сиздерди элибиз сүйгөн эң байыркы майрам, Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! », деп айтылат президенттин маалымат камсызоо аппараты таркаткан куттуктоо текстинде.
«Эзелтен Нооруз - тирүүчүлүктүн, жаратылыштын жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы. Байыркы бабаларыбыз 21-мартта күн менен түн теңелип, жыл тогошконун баамдап, Жаратканга, Тирүүлүккө, Жашоого таазим эткен. Жарыкчылык түндү, жылуулук суук ызгаарын жеңген сыяктуу, чындык жалганды, жакшылык жамандыкты жеңет деп тилек кылган. Жер айдап, үрөн сээп, келечекке, жакшылыкка умтулган. Араздашууларын токтотуп, таарынычтарын кечирген. Дасторкон жайып, жаркын маанай менен жакындарына, досторуна жана коңшуларына жакшы тилектерин, каалоолорун билдирген.
Байыркы Нооруз майрамы эгемендүү Кыргызстандын тушоосу кесилиши менен кошо элибизге кайра кайтып келди. Нукура элдик майрамдын кайра жаралышы - тарыхый тамырларыбызга, улуттук каада-салттарыбызга таазим.
Жакшы салттарын сыйлап, тарыхын кадырлаган элдин келечеги кең болот. Ылайым Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын. Жараткан эгемендүү Кыргызстан элин колдосун, жолубузду ачсын. Элибизге ынтымак жана биримдик, мамлекетибизге молчулук жана береке тартууласын! », - деп белгиленген кайрылуусунда.