Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Алмазбек Азимов Финансы министринин орун басары болуп дайындалды
26 09 2014 11:40
Алмазбек Азимов Финансы министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгон. Маалымат боюнча, бүгүн Финансы министри Ольга Лаврова аны министрликтин жамаатына тааныштырды.
Буга чейин Алмазбек Азимов президенттик аппараттын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп кызматтанган.
Эске салсак, Финансы министринин мурдагы орун басары 25-июлда кызматынан бошотулган.