0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Ар Намыс, аруу тилек

    12 09 2015 13:29

    11 – сентябрда «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбеков Нарын облусунун Чаек айылында Жумгал районуна караштуу 14 айыл өкмөттөрүнүн шайлоочулары менен жолугушту. Жыйынга чогулган эл теңтөраганы урмат-сый менен тосуп алышты.

    Шайлоо кампаниясы кызуу жүрүп жаткан кезде электораттын добушун түрдүү ыкмалар менен алууга бардык пиартехнологиялар колдонула тургандыгын эскерткен Аскар Салымбеков, сөзүндө акча провокацияларына алдырбай, балдардын жаркын келечеги үчүн таза шайлоо керектигин суранды. Албетте, социалдык жакырчылык өкүм сүрүп турган кезде бул өтүнүч аздык кылат. Андыктан «Сабырдын түбү сары алтын» демекчи дагы бир сабырдуулук жана тунук акыл эс менен добуш берүүдөн артык эч нерсе жок экендигине көңүл бурду.

    Аскар Салымбеков саясаттан кеткенин айтып, аргасыздан кайра «Эмгек» саясий партиясын түзүп, элдин жашоо шартын, мамлекеттин келечегин жакшыртууга багыт алганына токтолду. Ал биринчи кезекте экономиканы көтөрүү зарылчылыгын баса белгиледи. Кыргызстандагы турмуш тиричилик коррупцияны жеңүүгө мүмкүн эмес, деген менен экономиканы көтөрүү менен жемкордукту жок кылууга ишенет.

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын экономикалык долбоорлоруна Чаекте чогулган элдин көңүлүн буруп, алардын артыкчылыктарын санап өттү.Ал долбоорлорго «Айыл чарбасын кооперациялаштыруу», «Ала-Тоо кенч», «Тамчылатып сугаруу» кирет. Айыл чарбасын ирилештирүү – Аскар Мааткабыловичтин айтымында, - майда дыйкан чарбаларын ири бирдиктүү чарбаларга айлантуу болуп саналат. Өнүккөн өлкөлөрдө кооперативдик союздардын тажрыйбасы практикада кеңири колдонулат. Атап кетсек, мал чарбачылыгындагы кооперативдик союздардын кирешеси 90 пайызга жеткен. Турак жай, керек - жарак, МТС, энергетикалык, суу ж.б.д.у.с. турмуштук керектиктеги кооперативдик союздар бар. Кыргызстан да кооперацияны кеңири колдонууга өтүүсү зарыл. Мисалы кооперациялаштыруудан жалпы республика айыл чарбадагы ири жетишкендиктердин үзүрүн көрүп, ирилештирүүдөн пайда болгон ири кооперативдик союздар өркүндөп, «кара курсакка» иштебестен, өлкөнүн казынасын толтурууга боло турган артыкчылыктарын белгиледи. Албетте айыл чарбасына, дыйкандардын эмгегине мындай мамиле шайлоочулардын колдоосуна ээ болуп, өздөрүнүн макулдугун тынымсыз кол чабуулар менен билдирип жатышты. Ушуга эле удаа тамчылатып сугаруу технлогиясын өлкөнүн айыл чарбасына кеңири жайылтуу менен эң орчундуу көйгөй болгон суу маселесин чечип алууга боло турганын айтты.

    «АЛА ТОО -КЕНЧ»

    Экинчи долбоор «Ала -Тоо кенч» - бул тоо кен өндүршүнө байланыштуу. Түпкү максаты баалуу металлдарды баалуу  кагаздар – акциялар менен үлүштүк башкарууга жетүү. Эл, инвестор, мамлекеттин ортосундагы бүтүндүктү, ынтымакты камсыз кылуу. Долбоордун түпкү максаты, кошумча жумушчу орундарды түзүп, чет элдик инвестицияны тартуу саналат. Баалуу кагаздардан түшкөн кирешеге завод, фабрика, кичине цехтердин ачылышына өбөлгө болот. Бул кошумча жумушчу орун, казынага каражатты толтуруу жана агрардык саясаттагы бир катар көйгөйлөрдү чечтик десек жаңылышпайбыз.

     

    Маалым кыла кетсек, Жумгал районундагы «Эмгек» партиясы төрт жылдан бери райондун жаштарын спорттук комплекстер менен жабдууга чоң салым кошуп келет. Жалпысынан Байгазы, Куйручук айылдарындагы спорттук залдарды, футболдук майдандарды орнотуу менен алектенип келген.

    Жогорку Кеңешке «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынан талапкер Нарынбек Молдобаев:

    “Жумгал элинин уучу кур эмес

    Жумгал району Нарын облусундагы ири райондук аймактардан. Мыскал Өмүрканова, Таттыбүбү Турсунбаева, Мидин Алыбаев жана башка дагы ушундай сыяктуу кыргыздын улуу чыгаан инсандарын дүйнөгө тартуу кылды. Биздин районго экономикалык көрөңгүсү бай Аскар Салымбеков алдыңарга келип олтурат. Бул инсан тууралуу кеп кыла кетсем, «Дордой» базарын мисал келтире алам. Аталган базардын өлкөнүн казынасына бажы төлөмдөрүнөн түшкөн каржылык салымы «Кумтөр» ишканасынан жогору. Бир эле бажы салыктарынан 4,5 миллиард доллар түшүрөт. Кыргызстанды багып жатат. Биз муну менен сыймыктансак болот! Азыркы партиялар биз мынча жумушчу орун түзөбүз деп жатса, биз он миңдеген жумушчу орундарды мындан он, жыйырма жыл мурда эле түзүп, элдин камында жүрөбүз. Бирок муну менен токтоп калбай дагы да он миңдеген жумушчу орундарды түзүп, миграциянын агымын токтотууга салымыбызды кошолу деп жатабыз. Биз иш жасап жатабыз. Ошону менен бирге сиздер менен болсок деген ойдобуз.

    Канчалаган талаа сугаты жок турат. Суу чыгарып бергенге Совет доорунан өкмөттүн мүмкүнчүлүк жок. Эгер сиздер биздин партияга  4- октябрда добушуңуздарды берсеңиздер биз сиздердин ишеничиңиздерди актоого бардык күч аракетибизди жумшайбыз!

    Жумгал районундагы «Эмгек» партиясы 2014-жылы волейбол боюнча турнирди каржылап берди. Жаш таланттарды колдоо максатында «Жаш талант – 2015» кароо сынагын материалдык жактан каржылады. 100 велосипедчиден турган балдарды «Спорт - ден соолуктун булагы» аталыштагы спорттук иш чарага катыштырды.

    Коомдук ишмер, сүрөтчү Асан Турсункулов: «Аскар Салымбеков -инсандык улуу сапаттардын ээси»

    Айланайын элим. Мен бүгүн касиеттүү кыргыз жеринде турганыма ыраазы болуп келем. Мен Аксы элинен Жумгал элине ысык саламымды айтып өтөм. Жумгалга мен 2006 – жылы «Сырдана» коомдук уюмунун иштери менен келген элем.. Бул өзгөчө бүтүндөй таланты таш жарган аны менен элди таң калтырган инсандар чыккан касиеттүү жер. Жумгал жерине кут конгону жатат. Ушул ырыскыны туура кабыл алып, шайлоодо колдоп берип коелу. Мына жогоруда «Дордой» базары эске алынды. Мындай базарды ким курат дагы он миңдеген жумушчу орундарды ким түзөт?! Жалпы элдик колдоо болсо, биздин жаштарыбыз жумушчу орундар менен камсыз болуп, келечекте бүгүнкүдөй бүдөмүк болбойт. «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясын колдоп берели!

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *