0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Ариет, тартип, ыйман, адал-эмгек – «Бүтүн Кыргызстан Эмгек»

    05 09 2015 10:48

    Балыкчы шаары «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагаларын урмат – сый, меймандосчулук менен кабыл алды. 4 – сентябрда Балыкчы шаарынын шайлоочулары атайын мотоциклисттердин тобу менен партиянын негизги атрибуттары катары саналган байрактарын желбиретишип, Балыкчынын күнгөй кире бериш жеринен тосуп, шаардын ортосуна чейин жандап келишти. «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын туулары бүтүндөй шаарды майрамдык маанайга бөлөп, шайлоочуларга дем күч берди. Бул урмат – сый үгүт кампаниясынын расмий башталышына карата жүрүп, партиянын жетекчилигине, чакырыгына, программасына жан дилинен берилгенин көрсөтүү саналат.

    Балыкчы шаарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткан «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынан талапкер Эрнст Сооронбаев лидерлер үчүн да шайлоочулар үчүн да майрамдык маанай тартуулап, калаадан чакырылган эстрада жылдыздарынын концертин сунуштады. Эстрада ырчылары акыркы хит ырларды чогулгандарга тартуулап, жан дүйнө жаңыртышты.

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагалары Аскар Салымбеков менен Адахан Мадумаров шайлоонун үгүт иштерин касиеттүү Ысык – Көл жээгинен баштагандарынын себептерин зыярат деп түшүндүрүштү. Анткени ар бир жаңы ишти баштоодо ыйык жерлерге барып зыярат жасоо ата- бабадан бери келе жаткан улуу салттардан эмеспи.

    КЕЛЕЧЕК АРУУ ТИЛЕК, АК ЭМГЕКТЕ

    Балыкчынын катуу шамалына карабастан, шайлоочулар Аскар Салымбеков менен Адахан Мадумаровдун ар бир сөзүн текке кетирбей, муюп угушту. Аскар Салымбеков партиянын экономикалык программаларынын негизинде түзүлгөн долбоорлорго токтолду.   Саясаттан алыс болууну каалаган Салымбеков элдин социалдык абалы, жакырчылыктын кеңири кулач жайганы, гүлдөгөн коррупция жөн жаткырбай, саясатка барууга мажбур экенин эл алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө баса белгиледи. Бийликке элдин үнү жетпей, эл өз алдынча күн көрүп калганы намыстантып, ардантканын себептеди. Анын бизнесте жүрүп, он миңдеген жумушчу орундарын түзгөнүн, илимий, идеялуу, прогрессивдүү жаштарды тарбиялоодогу кошкон салымы тууралуу калктын кеңири катмары маалымдар. Бизнестик тажрыйбага салып, өлкөнүн экономикасын да, мамлекеттин казынасын да он эселеп көтөрүүгө анын көзү жетип турат. Казынаны толтуруу менен элдин айлык акысын, пенсия, жөлөк пулдарын көтөрүүгө боло турганын жана жашоону жакшыртууга чоң мүмкүчүлүктөр бар экендигин жазбай тааныйт. Болгону иштин баары учурдагы шайлоого жана шайлоочулардын таза, ариет, жүрөктөрүнөн добуш берүүсүнө байланыштуу.

    САТЫЛБА, ЭЛИМ САТЫЛБА!

    «Тазалык, ариет, адал эмгек, улуттук кадыр барк, дөөлөт, руханий баалуулуктар гана кыргыз элинин башын көтөрүп, кайрадан жандандырат» - деди шайлоочулардын алдында Адахан Мадумаров. Жүз миңдеген элдин көйгөйү бүтүндөй мамлекеттин маселесине айланып олтурат. «Жашооңду оңдо элим деп төгүлүп чачылып, жол бул жакта деп көрсөткөн күндө дагы күнүмдүккө алданып, сатылып жана сатып жиберүүгө ыкташкан адаттан арылуубуз керек» деп бүгүнкү жашоо адатын ал катуу сынга алды. Чындыгында кыргыз элинин өзүнүн кылым карыткан улуу мурастары, салттары, баалуу касиеттери кайда кеткен? Мунун баарын көр оокатка сатып жибердикпи? Намысыбызды, жан дүйнөбүздү кармап турган руханий өзөктөрүбүздү сатып, анын ордуна эмнеге ээ болду? эчнерсеге...

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынын теңтөрагаларын Ысык – Көл эли менен болгон жолугушуусунда партиянын Аткаруу комитетинин төрагасы Дүйшөмбү Сооронбаев коштоп, ар бир жыйындын салмактуулугун арттырды.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *