0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    Аскар Салымбековго Талас эли ат мингизди

    Аскар Салымбековго Талас эли ат мингизди
    22 09 2015 09:43

    “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбековду жана аталган партиянын Талас облусунан Жогорку Кеңешке депутаттыкка аттанып жаткан Марат Мураталиевди Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылынын тургундары дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты. Иш чара айылдын эс алуу паркында өтүп, элеттиктер Аскар Салымбеков менен Марат Мураталиевге ат мингизишти. Айылдын аксакалдары “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясына баталарын беришип, партияга алдыдагы парламенттик шайлоодо ийгилик каалашты.

    Сөз кезеги партиянын теңтөрагасына берилип, ал алгач сөзүндө күз күрөштө убакыт таап келген элге терең ыраазычылыгын билдирди.

    “Мен бул айылга биринчи жолу келип жатам. Эң сонун жерде эс алуучу паркыңар бар экен”,-деди Аскар Салымбеков.

    Андан соң теңтөрага “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын программасынын долбоорунун бири кооперация тууралуу айтып берди.

    “Дыйкандардын башын кооперативдик союздарга бириктирүү керек. Кооперацияны жандандыруу үчүн мыйзамдарга оңдоп түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл”, - дейт теңтөрага.

    Депутаттыка талапкер Марат Мураталиевдин буга чейин Аманбаев айылына жасаган иштери, берген жардамдары тууралуу анын мугалими Айчүрөк Стамкулова өз сөзүндө кенен токтолуп өттү.

    Ал “Мен элди “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясын колдоого чакырат элем. Себеби биздин айылдын кулуну, менин окуучум Марат Мураталиев ушундай таза партия менен Жогорку Кеңешке депутаттыкка аттанып жатат. Марат биздин айылдын сыймыгы. Айылдын эс алуучу жайы көп жылдардан бери оңдоп-түзөөгө муктаж болчу, Марат балам ошол эс алуу паркын толук ремонттон өткөрүп берген. Ошондуктан элдин камын ойлогон партия “Бүтүн Кыргызстан Эмгекти” колдойлу”, -деди ардагер мугалим.

    Жолугушууга чогулган эл “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясын колдой тургандыктары тууралуу айтышып, Аскар Салымбековду жылуу маанай менен узатышты.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *