Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Ат-Башы районунун тургундары нааразычылык акциясына чыгат
26 01 2015 11:45
Бүгүн, 26-январда Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылынын тургундары нааразычылык акциясына чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда аталган айылдын тургуну Аман Топчубаев TOPNEWS.KG маалымат порталына билдирди. Анын айтымында, айылдын жашоочуулары сугат суу маселеси көйгөй жаратып жатканына нааразы. “Бул көйгөөдүн негизинде Кызыл-Туу айылынын тургундары бир нече жолу нааразычылык акциясына чыгышкан. Сугат суунун тартыштыгынан улам жердин көпчүлүк пайызы иштетилбей калган”, - дейт А. Топчубаев.