Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Ата Мекен» фракциясы Клара Сооронкулованын кызматтан кетишине каршы
07 07 2015 10:40
«Ата Мекен» фракциясы Конституциялык паатанын судьясы Клара Сооронкулованын кызматтан кетишине каршы. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлдя өтүп жаткан маалымат жыйында аталган фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, Сооронкулова кызматтан адилетсиз кетти. «Биз биометрикалык маалымат топтоону колдойбуз. Анткени ал Кыргызстанга керек. Бирок Клара Сооронкулова менен бийликтин пикири дал келбей калган үчүн Соттор кеңешинин чечими жана кызматтан кетиргени туура эмес», - дейт Ө. Текебаев.
Белгилей кетсек, ЖК өткөн жумада Калар Сооронкулованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирген.