Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
«Ата Мекен» менен «Улуттар биримдиги» партиялары бириккен жок, жөн гана кызматташат
29 06 2015 18:18
«Ата Мекен» менен «Улуттар биримдиги» партиялары мындан кийин кызматташат. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына «Ата Мекен» партиясынын Бишкек шаары боюнча жаштар канатынын төрагасы Мурат Соорбеков билдирди.
Анын айтымында, партиялардын биригүүсү боюнча сөз болгон жок. «Улуттар биримдиги» менен «Ата Мекен» партиялары парламенттик шайлоодо бири-бири менен кызматташат. «Улуттар биримдиги» партиясы «Ата Мекенди» колдогону менен, партиялар бирикпей калды», - дейт М. Соорбеков.
Буга чейин бир катар ММКларга эки партия бирикти деген маалыматтар таратылган.