0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    «Ата Мекен» партиясы Жерүйдү цианид колдонуп иштеткенге каршы

    16 06 2015 15:28

    «Ата Мекен» партиясы бүгүн Талас шаарында Жерүй маселесин жергиликтүү эл менен чогуу талкуулашты. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына аталган партиянын Бишкек шаарындагы жаштар канатынын лидери Мурат Соорбеков билдирди.

    Анын айтымында, «Ата Мекен» партиясы Жерүйдү жаратылышка зыян алып келген цианид менен иштеткенге каршы. «Америкадан аталган партиянын мүчөсү Болот Шер цианиттен башка технология колдонсо болобу деген суроого жооп алып келген. Негизи жүгөрүнүн ширеси менен иштетсе болот экен. Болот Шер бул боюнча таластыктарга сунуштады», - дейт М. Соорбеков.

    Мындан тышкары, партиянын лидери Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө Жерүй Кумтөрдүн тагдырын кайталап калышы мүмкүн экенин айтты.

    «Восток-геолдобыча» компаниясы келип, Жерүйдү иштетүүгө укук алды. Эртең бүгүнкү президент алмашат, депутаттар алмашат, бүгүнкү мыйзамдар алмашып кетет. Ошондуктан бир аз акчанын айынан эң кымбат болгон мөңгүлөрүбүздү, тоолорубузду, келечегибизди жоготуп албайлы», - дейт Ө. Текебаев.

    Мурат Соорбековдун билдирүүсү боюнча, «Ата Мекен» партиясы уюштурган жыйынга Талас облусунун төрт районунан төрт миңге жакын эл катышкан.

    Буга чейин Таластын айрым активисттери Жерүйдү иштетүүгө каршы бир нече нааразычылык акциялары уюштурган.

    Эскертсек, Жерүйдү иштетүү боюнча конкурс жарыяланып, 4-майда россиялык «Восток-геолдобыча» компаниясы утуп алган.

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *