Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга берилүүчү жөлөк пул жогорулайт
24 09 2014 10:46
1-ноябрдан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга берилүүчү жөлөк пул жогорулайт. Мындай маалыматты Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымат боюнча, жөл пулдун суммасы 705 сомго чейин болот. Азыркы учурда 640 сомду түзөт. Республикалык бюджеттин тартыштыгына карабай бул демилге өкмөт тарабынан колдоо тапканын маалымдашты.
Бүгүнкү күндө республика боюнча аз камсыз болгон үй-бүлө катары 115 миң бала жөлөк пул алат.