Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Б. Айталиев: Мыйзамсыз турак-жайларды трансформациялоо үчүн кол топтолот
17 08 2015 13:52
Бүгүн, 17-августта “Трансформация” кыймылы эки талап коюп маалымат жыйын өткөрдү. Биринчи жаңы конуштардагы документти жок үйлөрдү мыйзамдаштыруу талабы, ал эми экинчи болсо президент, ЖК 2013-жылы 11-ноябрда кабыл алган №608-токтомун жокко чыгаруу.
Аталган кыймылдын өкүлү Бекназар Айталиевдин айтымында, аталган эки талаптын негизинде жакынкы күндөрү кол топтоо башталат.
“Негизинен «Мараторий» киргизүүнү, мамлекеттик бийликтин – ѳз элине карата кылган «тымызын геноциди» деп эсептейбиз. Элдин саны күн санап ѳсүп жатса элди турак-жай менен камсыздашпай жатат”, -дейт Б. Айталиев.
Мындан тышкары, Айталиев бийлик тараптан эч кандай жооп болбой, үндөрүн укпаса анда, мөөнөтсүз митингдерди уюштуруша турганын кошумчалады.