Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Б. Айталиев: Талаптарыбыз аткарылбаса «Бүбүмарьям Мусса» кызынын китепчелерин эл алдында отко жагып жок кылабыз
Кыргыз эл жаштар кеңеши Коопсуздук кеңешине, УКМКга, Маданият маалымат жана туризм министрлигине үч талап менен кайрылган. Бул тууралуу аталган TOPNEWS.KG маалымат порталына «Жалындуу Жаштар» кыймылынын координатору Бекназар Айталиев билдирди.
1. «Айкѳл Манас» деген аталышта «Жайсаң Үмѳт уулунан» (арбактан) «аян» аркылуу кабыл алып, кагазга түшүргѳн «Бүбүмарьям Муса» кызынын (Майрамкүл Саргалдакова) он томдук китепчелери - коомчулукта нааразычылык агым түзгѳндүгүн эске алып, улуттук баалулуктарга каршы келээрин негиз кылып, «экстремист-террористик, сепаратистик нукка ылайыкташкан», чагымчыл мүнѳздѳ жазылган деструктивдүү - чагымчыл чыгарма катары баалоосун;
2. КРнын чегинде - бул китепчелер, окуу куралы, кѳркѳм адабият каражаты катары окутулусуна жана таркатылууга, башка тилдерге которулусуна, басып чыгарууга тыюу салуусун;
3. Бул «чуулгандуу жѳѳ жомокту» таркатылган жерлердин баарынан кайра кайтарылып алынуусун жана жок кылуу процедурасын кѳзѳмѳлдѳѳнү
«Айтылган бир айлык мѳѳнѳт ичинде талаптарыбыз аткарылбаса, жалпы коомчулук менен бирдикте - «Айкѳл Манас» деген аталыштагы «Жайсаң Үмѳт уулу» жана “Бүбүмарьям Муса” кызынын (Майрамкүл Саргалдакова) он томдук китепчелерин борбордук аянтка чогултабыз. ЖКнын депутаттарынын, мамлекеттик бийликтеги тиешелүү чиновниктердин, катышуусунда, ММК чагылдыруу менен, чогултулган китептерди эл алдында «отко жагып жок кылуу» процедурасын демилгелеп, чечимди аткарууну ѳз колубузга алабыз», - дейт Б. Айталиев.