Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Б. Аманбаев бул жылы экономикалык жана социалдык жактан бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө көңүл буруларын айтты
Акыйкатчы Бакыт Аманбаев бул жылы негизги көңүл жарандардын экономикалык жана социалдык тармактардагы бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө бурула тураганын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Акыйчынын басма сөз кызматы билдирди.
Акыйкатчы жарандардын, жеке ишканаларда иштегендердин укуктарын сактоо, мыйзамсыз жумуштан бошонгон адамдардын, квалификациялык медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүктөрү маселелери боюнча арыздардын өсүшүн белгиледи. “Биздин көз жазмыбызда кыйноону колдонуу маселеси жана Кыргызстандын сотторунун кылмыш жасоого күмөндөлгөн эркиндигинин баш коргоо чарасын тандап алуусу калып жатат. Ошол эле убакта коомдук жайларда, тарнспорт тармагында адамдардын укуктарынын бузулуу маселеси өлкөнүн жарандарын көп толкундантып жатат. Аларды коомдогу транспорттук кыймылдагы коопсуздук, ыңгайлуулук канааттандырбайт, бул укуктар аткарууну талап кылат. Булардын бардыгы өлкөнүн баш мыйзамы КР Конституциясында жазылган биздин жарандык коомдун укуктарын аткарылышын талап кылган денгээлге өсүп жаткандыгын күбөлөндүрөт”, -дейт Б. Аманбаев.