Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Б. Досалиева: “Жанар абдан тетик, так бала экен, андан көрсөтүүгө интервью алып, анан кабарчылыкка тандап келгем”
![Б. Досалиева: “Жанар абдан тетик, так бала экен, андан көрсөтүүгө интервью алып, анан кабарчылыкка тандап келгем”](uploads/default/blog/5dd25479e0ad281d1f5092662fd57357.jpg)
Жаңыдан Президенттин басма-сөз катчысы болуп дайындалган Жанарбек Акаев “Азаттык” үналгысына кантип иштеп калгандыгы тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына Бүбүкан Досалиева "Азаттык" радиосунун мурдагы телевизиондук башкы продюсери айтып берди.
"Азаттыкта" 2004-жылдан тарта берүүлөрдүн саясатын өзгөртүп, угармандардын жаш муунун тарбиялоо керек деген багыт ишке ашырыла баштаган. Ошон үчүн 2004-жылы "Азаттык+" радио программасы ачылган жана "Азаттык+тун" теледолбоорун ачуу аракети 2005-жылы башталган. Мен ошол жылы октябрь айында телевизиондук башкы продюсер болуп дайындалып, Прагадан долбоорду ишке ашыруу үчүн келдим. Ал программа 2006-жылдын 16-январынан тарта эфирге чыкты. Ал командада иштеген 12 жаш журналистти 1-2 жылдан кийин дагы жаш, энергиясы күчтүү, таланттуу жаштар менен алмаштыруу саясаты жүрдү. Анан 2008-жылы мен ал кезде Бишкекте иштеген Төрөкул Дооров, азыр иштеп жаткан кабарчы Мирлан Токталиев болуп Ош жана Жалал-Абад областтарынын жаштары менен жолугушууларды өткөрүп, арасынан "Азаттыкта" иштей ала турган жаштарды издедик. ОшМУга барган кезде ушул Жанарлар окуган журфактын балдары жатаканада жашоо жаман деп митинг өткөрүп жатышыптыр. Алардын ичинен Жанар абдан тетик, так бала экен, андан көрсөтүүгө интервью алып, анан кабарчылыкка тандап келгем. Кийин Азаттыктын Оштогу кабарчысы болуп жүрүп, кийин “Азаттык+тун” алып баруучулугуна чакырылган», -дейт Б. Досалиева.