Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Балдарга зомбулук көрсөтүү маселесин жоюу үчүн алдын-алуу иштерди жүргүзүш керек
Балдарга зомбулук көрсөтүү маселелерин анын ичинен сексуалдык зомбулук маселелерин жөн гана жазаны күчөтүү менен чечүүгө болбойт. Мындай ойду КСДП фракциясынын жыйынында аталган фракциянын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.
Анын айтымында,педофилдерге өлүм жазасын киргизип койгондо эле бул жоюлуп кетпейт. “Мындай көрүнүштөрдүн алдын-алуу иштерди жүргүзүш керек. Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2012-жылы 88, 2013-жылы 104, 2014-жылы 37 зордуктоо болгон. Ушул кургак сандардын артында кор болгон тагдырлар жатат”, - дейт Ч. Турсунбеков.
Мындан тышкары, Чыныбай Турсунбеков балдарга байланышкан милдеттерин начар аткарган ата-энелердин жоопкерчилигин анын ичинде административдик жоопкерчилигин күчөтүү керек экенин билдирди. "Балдарынын ооруп турганы ачык көрүнүп турса да убагында дарыгерлерге алып барбаган ата-энелер кездешет. Айрымдары балдарын оор жумуштарда иштөөгө мажбурлашат. Мындай ата-энелер үчүн реалдуу жоопкерчиликтин таркатылышы абзел. Алардын көпчүлүгү айыл төлөй алышпайт. Алар коомдук жумуштарга тартылышы керек", - дейт эл өкүлү.