Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Барак эксклавынын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүлдү
06 01 2015 11:54
Өзбекстандын аймагында жайгашкан Кыргызстандын Барак эксклавынын тургундарына 5-январда гуманитардык жардам жеткирилди. Мындай маалыматты бүгүн, 6-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка боюнча, Барак эксклавынын тургундарына гуманитардык жардам катары бөлүнгөн 20 тонна көмүр, 4 тонна ун жана азык-түлүктөр 7 даана оор жүк ташуучу унаалары менен жөнөтүлгөн. Кайра кайтышканда жергиликтүү тургундардын малын, теректерин Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагына алып келишет.