Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Башкы прокуратура С. Жапаровдун китебиндеги маалыматтарды иликтөөгө алат
Башкы прокуратура Садыр Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” китебинде жазылган жана андан соң интернетте таратылган маалыматтарга тиешелүү юридикалык баа берилип, иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, КРнын жазык-процесстик кодексинин 151-156- беренелерине ылайык, жарандардын арыздарында же башка билдирүүлөрүндө баяндалган даярдалып жаткан же жасалган кылмыш жөнүндө маалыматтарды текшерүү укук коргоо органдары тарабынан ишке ашырылат. Ал маалыматтар ырасталган же ырасталбай калган жагдайларда, жогоруда аталган арыздарда жана маалыматтарда айыпталган адамдарга карата же болбосо кылмыш жасагандыгы тууралуу атайылап жалган маалыматты тараткан адамдарга карата кылмыш ишин козгоо тууралуу чечим кабыл алынат.
Жакында Садыр Жапаровдун 12 бөлүмдөн турган “Саясатка аралашкан 10 жыл” деген китеби жарык көргөн.