Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстанда бир катар азык-түлүктүн баасы жогорулайт
26 09 2014 15:32
Бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстанда бир катар азык-түлүктүн баасы 15-20 пайызга чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Эркинбек Чодуев азык-түлүктүн баасынын өсүшү эт продукцияларына жана өсүмдүк майларына тиешелүү боло турганын айткан.
“Азыркы учурда аймактарда баалар өзгөргөн жок. Бишкекте өсүү байкалууда, бул - мезгилдик факторго байланыштуу. Айыл чарба продукциясынын бөлүгү Орусияга багытталып жатат", - дейт Э.Чодуев