Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Бүгүн Ө. Токтонасыров Т. Зулпукаровго каршы митингге чыгат
10 04 2015 08:59
Жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Кеңештин алдына нааразычылык акциясына чыгат. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына Ө. Токтонасыров өзү билдирди.
Анын айтымында, митинг "Шокт-факт" деп аталат.
Ал ЖКнын вице-спикери Төрөбай Зулпукаровго каршы митинг уюштура турганын айтты.
Белгилей кетсек, «Искра плюс» гезитинин 8-апрелде чыккан санында ЖКнын вице-спикери Төрөбай Зулпукаровдун 1997-жылы кыз зордуктоого катыштыгы бар деп жазып чыккан. Ошону менен катар эле аталган факты боюнча документтер бар экенин айтышкан.
Ал эми Төрөбай Зулпукаров аталган маалыматты төгүндөп, гезитти сотко бере турганын билдирген.